Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЭЛАРАЛЫК МҮНӨЗДӨГҮ КЫЛМЫШТАР – эларалык кылмыштарга тийиштиги жок, эларалык келишимдерде каралган коомдук коркунучтуу жосундар; тынчтык кызматташууга зыян келтирет жана мамлекеттер аралык ойдогудай мамилелерге кол салат. Эларалык кылмыштардан айырмаланып, Э. м. к. үчүн жоопкерчиликти мамлекет эмес, жеке адамдар тартат. Ал эларалык келишимдердин негизинде, бирок улуттук укук боюнча келип чыгат. Кол салуу объектисине жана эларалык коркунучтуулугунун даражасына жараша Э. м. к. төмөндөгүдөй топторго бөлүнөт: а) эларалык мамилелердин туруктуулугуна каршы кылмыштар (эларалык террорчулук, адамды барымтага алуу , аба унааларында жасалган кылмыш, ядролук материалдарды уурдоо, баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүү, жашыруун миграция ж. б.); б) каржы-экономикалык кылмыштар (акча-тыйындарды жасоо, кылмыштуу кирешелерди ачыкка чыгаруу, контрабанда ж. б.); в) адамдын жеке укуктарына кол салуу (кулчулук, кул сатуу, аялдарды жана балдарды сатуу, кыйноо ж. б.); г) ачык деңизде жасалган кылмыш (каракчылык, деңиз чөйрөсүн булгоо ж. б.); д) эларалык мүнөздөгү аскердик кылмыштар (тыюу салынган каражаттарды жана согуш жүргүзүүнүн тыюу салынган усулдарын колдонуу, талап-тоноо ж. б.).